Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Депрессия менен суициддин алдын алуу, - Адистин кеңеши

Turmush -  Депрессия — биздин заманда кеңири тараган психикалык бузулуу. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда врач-психотерапевт Любовь Останина билдирди.

Анын айтымында, акыркы убактарда өзүн өзү өлтүрүү учурлары көбөйдү. Бул көбүнчө адамдар кризистик абалдан чыга албаганы менен байланыштуу.

«Буга заманбап жашоо образы түрткү болууда, иштеген адамдар көбүрөөк акча тапкылары келип көп убактысын жумушта өткөрүп, өздөрүнө ашыкча жумушту жүктөп алышат. Өз убагында тамактанууну, толук эс алууну, жакшылап уктап алууну унутуп калышат. Бош убактысында кызыккан нерсеси менен алектенүү, хобби түгүл, жакын адамдар, туугандар менен баарлашууга таптакыр эле убакыт жок», - деди ал.

Убакыттын өтүшү менен адамда чарчагандык, илең-салаңдык, кыжырдануу, өзүнө өзү жана айланадагыларга ыраазы болбоо сыяктуу сезимдер башталат. Анан бир убакта ал адам, анын жашоосунда кубанычтар жана канааттануулар жок деп ойлой баштайт.

Врач-психотерапевт Любовь Останинанын кеңештери:

Адам өзүнүн жашоо образын жана өзүнүн баалуулуктарын кайра кароо.

Туугандар, жакын адамдар жана достор менен жандуу баарлашууга убакыт табуу.

Физикалык көнүгүүлөргө, жаратылышта активдүү эс алуу.

Реалдуу жете турган максаттарды коюп, стресске чыдамкайлыкты жогорулатуу.

Эмгектенүү жана эс алуу режимдерин сактап, туура тамактануу.

Кызыккан нерселер жана хобби менен алектенүүгө шарт түзүү.

Үй-бүлөгө жана балдарга көбүрөөк көңүл буруу.

Өзүңүздүн жакындарыңызга көңүл буруп, аларга зарыл болгон колдоону көрсөтүңүз.

Эгерде бир нерсе түйшөлткөн болсо, адиске кайрылыңыз.

Суициддин себеби болуп, ар кандай психикалык бузулуулар болушу мүмкүн.

Эгерде сизге башка адамдар суицидге кызыгып, жашоодон тажаганын айтып, же кантип өзүн өзү өлтүрсө болору жөнүндө кеп кылса, ага көңүл кош мамиле кылбаңыз. Анын мындай ниетинин себебин тезинен билип, адиске жөнөтүү өтө маанилүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12868
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу