Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Ой-пикир: Адилетсиз соттор, акыйкат издеген туңгуч гезит «Кыргыз Туусу», - Адыл Азаматов

Turmush -  1917-жылдагы Октябрь социалисттик революциясы жеңип, совет бийлиги орноо менен жергебизде кандай жетишкендиктер, улутубузда кандай өсүп-өнүгүүлөр болсо, аны менен жашташ болуп, аларды элге жеткирип келген алгач «Эркин Тоо» аталып, кийин шартка жараша «Кызыл Кыргызстан» – «Советтик Кыргызстан» болуп аталышы өзгөргөн негизги гезит дал ушул «Кыргыз Туусу».

Ошондуктан аны мамлекеттик мекемелердин же азыркы демократиялык өлкөбүздө саны беш жүздөн ашкан катардагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын бири катарында кароо туура болбосо керек. Экинчиден, анын өлкөбүздүн турмушундагы тарыхый, маданий орду чоң. Ал 1924-жылы 7-ноябрда жарык көрүү менен убагында дээрлик туташ сабатсыздык мезгилинде кыргыздардын кат сабатынын жоюлушунда, саясий сабаттуулугунун жогорулатылышында зор роль ойногон.

Үчүнчүдөн, он беш союздук республиканын бири болгон Кыргыз ССРинин совет мезгилиндеги дээрлик жетимиш жылдык летописи негизинен мына ушул гезиттин беттеринде чагылдырылган.

Ошондон уламбы, Аскар Акаевдин убагында бийликте тургандардын кызарган нерсени жула качкысы келгендери да бул гезитти приватташтырууга барган эмес. Ырас, Курманбек Бакиев 2005-жылы бийликке келгенде өкмөттүк гезиттерди реформалоо (приватташтыруу деп түшүнүңүздөр) боюнча жарлык чыгарып, ал жарлыгы аткарылбаган бойдон калган. Кийин Максим Бакиевдин «заманы» учурунда анын дал ушул «Кыргыз Туусу» менен «Слово Кыргызстана» гезиттери турган имаратка көзү түшүп калып, «Слово Кыргызстананын» макамын өзгөртүп, имараттан чыгарып, ал эми «Кыргыз Туусун» чыгарууга жетишпей калган. Анткени, 2010-жылдагы элдик революция алардын арам оюн таш каптырган.

Азырга чейин көпчүлүк биле бербеген дагы бир факт бар. «Кыргыз Туусу» гезити мамлекеттик бюджеттен 1 тыйын дагы каржыланбайт. Толук чарбалык эсептеги мекеме катары өзү тапкан каражат менен чыгып, президенттин да, өкмөттүн да, парламенттин да иш-чараларын элге жеткизип келет. 2005-жылы төңкөрүштөн кийин Бакытбек Орунбеков гезитке башкы редакторлукка дайындалган. Кийин Бакиев-Кулов тандеминин ич ара тирешүүсүнүн «курмандыгы» болуп, иштен алынган. Экинчи ирет 2010-жылы Апрель революциясынан кийин Б.Орунбеков «Кыргыз Туусуна» кайрадан жетекчиликке дайындалган. Гезиттин азыркы кейиштүү абалына көз чаптырып отуруп, Бакыт мырза экинчи ирет «Кыргыз Туусуна» келбей эле койсо, азыркыдай кейиштүү абалга кептелбейт белек деген ой кетет. Албетте, Бакыт Орунбековду адам катары, журналист катары сыйлайбыз. Бирок Бакыт Орунбековдун улутубуздун туңгуч гезити «Кыргыз Туусунун» шоруна калганын биз бүгүн айтпай кое албайбыз!

Анда окуянын чоо-жайын кыскача баяндап берсек.

2012-жылы 21-августта болжол менен саат 10дордо редакциянын кызматкери Марип Тайчабаров өз кызмат ордунда каза болуп калат. Кийин белгилүү болгондой, ал өз ажалы менен каза болгон.

Анткени, медициналык документтерге ылайык, ал мурдатан жүрөктүн коронардык оорусу, 2-3-даражадагы чыңалуу стенокардиясы менен ооруп жүргөн. Өкүнүчтүүсү, ал иш столунун артына жыгылып жан бергендиктен, анын денеси кабинетке баш баккан адамдарга көрүнбөй калган. Окуя болгондон кийин редакциянын бир нече кызматкери аны издеп кабинетине кирген. Бирок, алардын бирөөсү да анын денеси столдун артында жатканын көргөн эмес. Редакциянын оператору Жыпара Бексултанова да аны издеп барып, кабинеттин ачык калганын жана ачкычтары узун столдун үстүндө жатканын көрүп, буга чейин да ачык кабинеттерден кызматкерлердин буюмдары жоголгондон улам, М.Тайчабаров иш бөлмөсүн унутуп жаппай калганбы, деп жамандыкты ойлобостон, ачкычты алып, кабинетти сыртынан жаап койгон. Ошол күнү М.Тайчабаров кечке чейин ачкычын издеп келбегендиктен жана редакцияда көрүнбөгөндүктөн, эртеси 22-август күнү эртең менен аны издеп үйүнө телефон чалган. Телефонду М.Тайчабаровдун кичүү баласы Чыңгыз алып, атасынын бөлмөсүн карап келгенден кийин: «Атам жумушуна кетиптир», – деп жооп берет. Мындай жооптон кийин, Ж.Бексултанова М.Тайчабаров кечинде үйүнө түнөп, эртең менен жумушка кеткен экен деп ойлоп, көңүлү тынчып издебей калат. Ошол эле учурда М.Тайчабаровду редакцияга үйрөнчүк болуп келген Бермет Нурбекова да издеген. Ал М.Тайчабаровдун улуу уулу Кудрет Тайчабаровго телефон чалып, аны алалбай койгондон кийин SMS жөнөтүп, анда атасы ишке келбегенин, редакцияда аны издеп жатышканын билдирген.

Ошол күнү К.Тайчабаров атасы жөнүндө сурап редакциянын эмгек өргөсүндө жүргөн кызматкери Аскарбек Насирдиновго телефон чалган. Ал М.Тайчабаров кээде иш маалында кабинетин ичинен жаап алып, уктай тургандыгын айтып, редакцияга келип, катчысынан кошумча ачкычты алып, кабинетин ачып көрүү керектигин айткан. Кудрет редакцияга келип, бирок иш бөлмөгө кирген эмес. 22-август күнү М.Тайчабаровдун денеси бузула баштагандан кийин гана, редакция кызматкерлери анын кабинетин ачып, өлүгүн көрүшкөн.

Бул хронологиядан көрүнүп тургандай, М.Тайчабаровдун өлүмүнө редакциянын кызматкерлеринин эч кандай тиешеси жок. Кийин укук коргоо органдарынын териштирүүсүнөн улам анын өз ажалы менен өлгөндүгү белгилүү болуп, кылмыш иши ачылган эмес. Бирок, анын уулу К.Тайчабаровдун арыздануусунан кийин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Бишкек шаары, Сокулук жана Аламүдүн райондору боюнча регионалдык башкармалыгынын мамлекеттик инспектору Турусбек Жумалиев бул кырсыкты иликтеп көрүү менен 2013-жылдын 1-мартында корутунду түзгөн.

Анда окуянын күбөлөрү болгон редакциянын кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн эске албастан туруп, ал өзүм билемдик менен кырсыкты өндүрүшкө байланыштуу деген корутунду чыгарып жана редакциянын бул окуядагы күнөөсүн 30% үлүштө баалаган. Ал мындай корутундуга кайсы документтердин негизинде эмне себептен келгендигин тастыктаган эмес. Анан ал кездеги басма үйүнүн директору-башкы редактору Б.Орунбековдун сабатсыздыгын, өзүм билемдигин көрүп туруп бул корутундунун негизинде 4-март күнү өндүрүштөгү капилет кырсык жөнүндө актыны – Н-1 формасын толтурууну сунуштаган. Б.Орунбеков мындай финансылык кесепеттери бар маселени чечүүдө басма үйүнүн редакциялык коллегиясынын чечими керек экендигин эске албастан, же жалпы чогулушта талкууга койбостон, а түгүл комиссия түзүү жөнүндө жазуу жүзүндө буйрук чыгарбастан туруп өзүнүн орун басары Догдурбек Юсуповду, башкы бухгалтер Динара Исаеваны жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы Бермет Маткеримованы чакырып алып актыга кол коюуну айткан.

Алар өздөрүнүн кийинки түшүнүк каттарында жазышкандай, инспектор Т.Жумалиев бул актынын эч кандай кесепеттери болбой тургандыгын айткан. Д.Исаева менен Б.Маткеримова атүгүл, күнөөнүн мындай катышта бөлүнүшүнө каршы экенин айтуу менен актыга кол коюудан баш тартышкан. Бирок, Т.Жумалиев аларга жогорудагыдай эле жооп берип, адаштырган. «Көсөөнүн акылы түштөн кийин» болуп, корутундунун негизинде эсептөөлөр жүргүзүлүп, басма үйү төлөй турган компенсациянын суммасы белгилүү болгондон кийин гана Б.Орунбеков корутунду менен макул эместигин билдирип, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга кайрылган.

Инспекциянын статс-катчысы Т.Асылбеков кол койгон 2013-жылдын 29-майындагы корутундуда М.Тайчабаровдун мурдатан ооруп жүргөндүгү, канынан алкоголь табылганы эске алынуу менен анын өлүмү коркунучтуу өндүрүштүк фактордун таасири астында болбогондугу көрсөтүлүп, ошол эле учурда басма үйүнүн жетекчиси тарабынан эмгек шарттарынын коопсуздугунун абалына жана кызматкерлердин эмгек тартибине талаптагыдай көзөмөл болбогондугу көрсөтүлүү менен окуя өндүрүш менен байланышкан деген тыянак чыгарылган. Басма үйү 10%га, а М.Тайчабаров өзү 90%га күнөөлүү деп табылган.

Мына ушунун өзү эле мамлекеттик инспектор Т.Жумалиевдин 2013-жылдын 1-мартында корутундусу жана ал боюнча ошол эле жылдын 4-март күнү түзүлгөн Н-1 формасындагы акт мыйзамсыз экендигин көрсөтүп турбайбы!

Өкүнүчтүүсү, мекеменин аттуу-баштуу статс-катчысы Т.Асылбеков экинчи корутундуну чыгарып жатып, инспектор Т.Жумалиевдин корутундусун жокко чыгарган эмес! Ошентсе да логикага ылайык жана юридикалык көз караштан алганда да, кийинки чыгарылган жана жогору турган инстанция чыгарган корутунду мурдагы корутундудан жогору болууга тийиш да! Баса, жетекчи катарында эң жөнөкөй нерсени билбеген жана кол алдындагы адистердин пикирин угуп да койбогон Б.Орунбековдун кийинки түшүнүк катында жазганы да кызык.

«Мамлекеттик инспектор Т.Жумалиев редакциядагы кырсыкты текшерип, чоо-жайын териштирип бүткөндөн кийин актыга кол коюуну өтүндү. 70 жана 30%дык көрсөткүчтөрдүн кийинки түйшүктөрүн толук жана ачык түшүндүргөн эмес. Кырсык, окуя редакцияда болгондугу үчүн кол коюу зарыл экендигин өтүнгөн эле», – дейт азыркы редактордун наамына жазган түшүнүк катында.

Мамлекеттик инспектор Т.Жумалиев дал мына ушул Б.Орунбековдун сабатсыздыгын көрүп туруп атайлап актыга кол койдуруп алып жаткан жокпу?...

Аргасыздан ушундай да ой келет экен! Чынында корутунду жазылгандан кийин эки күн аралыгында басма үйү Н-1 формасындагы актыны түзүп, бекитип жана аны инспекторго берүү зарыл экендиги ошол корутундунун өзүндө көрсөтүлүп турат. Б.Орунбеков кол алдындагыларды адаштырып кол койдуруунун ордуна берилген эки күн аралыгында кызматкерлер менен кеңешип же эмгек мамилелери жаатындагы адистерден кеп-кеңеш алса болмок. Баса, редакциянын өзүндө юридикалык билими бар эки кызматкер эмгектенет. Жок дегенде алар менен да кеңешип койгон эмес.

Ал аз келгенсип, бул жаңжал боюнча кийин президенттин аппаратынын жана өкмөттүн аппаратынын гезиттин ишине кураторлук кылышкан маалыматтык саясат бөлүмдөрүнө билдирип да койгон эмес. Анын мындай кенебеген жоругу тун гезитибиздин тагдырын талкалаганы турат. Кийинки келген директор — башкы редактор Жедигер Саалаев да юридика илимдеринин кандидаты болгонуна карабастан бул олуттуу маселени басма үйүнүн уюштуруучусу болгон КРнын Өкмөтү менен биргелешип ачык жана мыйзамдуу чечүүнүн ордуна, тескерисинче, өзү кызматтан кеткенге чейин көйгөйдү жашырып келди. Ал гезиттин 90 жылдык тоюн өткөрүп, ырдап-чордоо менен гана алектенип, эптеп өзү Конституциялык палатага судьялыкка шайланганга чейин ишти создуктуруп келип, жаңы кызматка кете берди.

Б.Орунбеков да, Ж.Саалаев да өз убагында сотко кайрылып компенсациянын үстөк пайыздарын эсептөөнү токтоттуруп койбогондуктан азыркы учурда басма үйү төлөй турган акча олчойгон суммага жетти. Бул гезит үчүн бир топ кыйынчылыкты түзмөкчү. Азыркы учурда М.Тайчабаровдун өлүмүндө «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн күнөөсү жок экендиги ачык көрүнүп турса да соттор Б.Орунбеков кол койдурган корутундуну жокко чыгаруу боюнча арызды кабыл алуудан баш тартып жатышат. Ушул ачуу чындыкты окурмандарыбызга жеткирүү менен түзүлгөн абалдан чыгуу үчүн жалпы коомчулуктун кеп-кеңешине, өлкө жетекчилигинин жардамына муктажбыз!

Жазган: «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн эмгек жамааты, Адыл Азаматов

Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5354
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу