Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Ой-пикир: Долларга согуш ачсакпы?, - коомдук ишмер Т.Усубалиев

Turmush -  Бул доллардын өскөнү токтобой койду го, балким кай бирөөгө майдай жагып жаткандыр, бирок көпчүлүккө кыйын эле болуп жатат. Доллар менен карыз алган, насыя алган замандаштарыбыз бар.

Баарынан дагы үй-жайды мөөнөтүн узартуу жолу менен, ипотека менен сатып алгандар бар, ошол эле учурда өзүбүздө өндүрүлгөн эт, тамак-аш, айыл чарба продукцияларынын баасы көтөрүлбөй дыйкандарыбыз, фермерлерибиз кыйналып турган чагы.

Быйыл жакшы, суу мол болуп, жыл түшүмдүү болду. Токтогул ГЭСинде да суунун көлөмү былтыркыдан жогору болуп, 12 млрд 5 млн куб болуп турган чагы, буга да Кудайга шүгүр дейли. Бирок, жылда эле мындай учур кайталана бербейт эмеспи.

Анткени менен доллардын өскөнү өскөн. Өкмөт канчалаган алтынын коротуп, күч менен кармамыш болот, бир аз туруп эле доллар өскөнүн койбойт, жеп бүтө турган болду...

Кыргызстандын тышкы карызы 3 млрд 5 миллиондон ашып, эми 4 миллиардга жакындап барат, ошол карыздын көбү ушул доллардын курсун кармап калуунун аракетинде болуп жатып көбөйтүп алдык. Бара-бара бизден кийинки муунду, бала-бакырабызды, төрөлө элек урпактарыбызды карызга батырып жатабыз. Американын көк кагазына көз каранды болуп калдык.

Биздин ата-энелер, ата-бабаларыбыз бизди эч кимге карыз кылбай Мекенди, Ала-Тоону, Ысык-Көлдү, тунук сууларды бизге өткөрүп берди эле.

Эми доллар эмне себептен өсүп жатат?... Анткени бизде өндүрүш жок, экспорт жок же өтө эле аз. Ал эми импорт деген басып калды, жада калса үйгө кийген бут кийимди да тиге албай калдык, барын чет элден алабыз. Эми өндүрүштү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик масштабда иш-чара көрүлүп жатса керек. Мен замандаштарымды долларга көз карандылыкты азайтууга чакырам.

Ал үчүн:

- өз ара катыштын баарын сомго которолу;

- доллар менен сатылып жаткан үй жайдан, унаалардан баш тарталы, сом менен болсо алалы, акча колдо тургандан кийин сатуучулар ошол шартка көнөт;

- республикабыздагы өндүрүшчүлөрдү колдоого алып, өзүбүздө өндүрүлгөн таза продукцияларды, тамак-аштарды, эмерек, кийим-кечени пайдаланалы;

- ал эми муздаткыч, кир жуугуч машиналарды жана башка ушул сыяктуу тиричилик техникаларды сатып алууга да болот, ошондо да өзүбүздүн Бажы биримдигине боюнча канатташ өлкөлөрдүн чыгарган буюмдарына басым жасасак жакшы болоор эле. Мисалы Россия, Казакстан, Белоруссиядан. Ошол эле учурда бизде жакшы устаканалар бар.

Урматтуу замандаштар! Өзүбүздү Американын көк кагазынан бийигирээк коёлу, биз деген Ала-Тоону жердеген эркин кыргыз элбиз!!!

   Жазган: Теңизбек Усубалиев, коомдук ишмер 

Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6193
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу