Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баракелде, Бишкек 20.11.2015 13:36

Некролог - КР УИАнын ардактуу академиги Азиз Нарынбаев дүйнөдөн кайтты

Turmush -  Кечээ, 19-ноябрда КРнын улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, корреспондент-мүчөсү, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, философия илимдеринин доктору Нарынбаев Азиз Исаджанович 91 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу УИАнын басма сөз кызматы билдирди.

Азиз Нарынбаев 1924-жылы 24-апрелде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жарык дүйнөгө келген.

1942-жылдын август айында Советтик Армиянын катарына өз ыктыяры менен кетип, 1941-1945-жылкы Ата Мекендик согушка катышкан.

1950-1952-жылдары Москвадагы М.Ломоносов атындагы университеттин аспирантурасында окуган.

Ошол эле жерде «Роль советского государства в формировании и развитии социалистических наций» деген темада кандидаттык ишин жактаган.

1968-жылдан Кыргызстандын илимдер академиясынын Философия жана укук институтунда тарыхый материализм секторунун, 1975-жылдан философия тарыхы секторунун, 1977-жылдан философия кафедрасынын башчысы кызматтарында иштеген.

1970-жылы «Закономерности развития национальных отношений в СССР в период строительства коммунизма» деген темада докторлук диссертациясын жактаган.

1994-жылы «Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери», ал эми 2002-жылы «КР УИАнын ардактуу академиги» наамдарын алган.

Нарынбаев Азиз Исаджанович 300дөн ашык илимий, илимий-методикалык, пропагандалык эмгектин анын ичинде 20 китептин автору. Ал илимий эмгектерди жазууда гана айырмаланбастан педагогикалык ишмердикти 60 жылдан ашык аркалаган алдыңкы педагог эле. Бир нече илимпоздорду тарбиялап, окумуштуулук даражага жеткирген. Академик Нарынбаевдин эмгектери КМШда, Кытай мамлекетинде кеңири таанымал болуп, кыргыз, уйгур, кытай жана англис тилдерине которулган жана беделдүү кесиптештери тарабынан жогору бааланган.

А.Нарынбаевдин ишмердиги негизинен эки багытка: Борбор Азия республикаларындагы улуттун калыптануусуна улут аралык мамилелердин өнүгүүсүнө жана кыргыздар менен уйгурлардын коомдук-философиялык ой берметтерине арналган.

1-даражадагы «Ата Мекендик согуштун катышуучусу», «Ардак белгиси» ордендери менен сыйланган. КР Жогорку Кеңештин Ардак грамотасынын, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» төш белгисинин ээси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×