Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Адистин кеңеши: Аптаптуу ысыкта ден-соолукту кантип коргоо керек?

Turmush -  Күндүн ысыгында ачык абада көпкө жүрүү адамдын ден-соолугуна терс таасирин тийгизери анык. Организмдин суу-туз балансы бузулат. Клеткалардын азыктануусу начарлап, жүрөк-кан тамыр, дем алуу жана башка системаларга күч келет. Эгерде күндүн ысыгында көпкө жүрсө, ысыкка жана күнгө күйүп калуу коркунучу бар. Анда адамдын температурасы көтөрүлүп, жүрөгү бат согуп, башы тегеренип, жүрөгү айланат. Абал оорлошсо, эсин жоготуп, тарамыштар карышып калышы мүмкүн.

Ошондуктан организмдеги сууну толуктап, нымдуу жер-жемиштерди (дарбыз, помидор сыяктуу) көп жеш керек. Ошондой эле, ысык аба ырайында көлөкөдө же суу жээгинде эс алуу сунушталат.

Аптаптуу ысыкта муздак сууга түшүү сунушталбайт. Температуранын тез төмөндөшү тамырлардын карышып калуусуна алып келет. Сууга же бассейнге түшүүдөн мурда көлөкөдө отуруп, сергип алуу керек. Ошондой эле, муздак душтан да баш тартуу зарыл. Саат 12:00дөн 16:00гө чейинки аралыкта күнгө күйүүгө болбойт. Көл жээгинде сөзсүз баш кийим кийип, күндөн коргоочу көз айнек тагынуу шарт. Буга катар, ультрафиолет нурлануулары жогорулагандыктан денеге күндөн коргоочу кремди сүйкөөнү унутпоо керек.

Андан тышкары, ысыкта синтетикалык чыптаган кийимдерди кийүүгө болбойт. Пахта жана лёндон тигилген кийимдерди кийүү сунушталат. Аны менен катар, аптаптуу ысыкта бетке тоналдык бет май менен упа сүйкөөдөн баш тартыңыз. Алар терини жаап, жылуулук алмашуу процессин кыйындатат.

Дагы бир кызыктуу факт: аптаптуу ысык — тамеки тартуу жана алкоголдук ичимдиктерди таштоо үчүн эң ыңгайлуу учур. Анткени ысыкта алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө таптакыр тыюу салынат. Тамеки тартуу да мындай ысыкта чеккен адамдын да, айланадагылардын да ден-соолугуна абдан терс таасирин тийгизет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5507
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×