Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Баракелде

Менин атам жана энем: Таенем касиети күчтүү эл сыйлаган адам

Turmush -  Менин таенем Дооронбекова Айна 1923-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Шамшы айылында туулган. Колхоздошуу мезгилинде латын арибинде окуп, кат сабатын жойгон.

Таенем Айна 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталганда 16 жашта болгон. Турмуш курганына жыл айланбай жолдошу согушка аттанып кетип, кайтпай калган. Бели ката элек жаш курагына карабастан оорукта эмгектенген. Таенем: “Ал мезгил өтө катаал эле. Оорукта кары-картаңдар, теңин күткөн келин-кыздар жана бели ката элек жаш балдар калдык. Кылбаган жумушубуз калган жок. Кечке талаа жумуштарын кылабыз, кечинде жоокерлерге деп жылуу байпак, мээлей түйөбүз. Эртеӊ менен болгону бирден чыны тарткан сүттүн айранын бере турган, калганын бүт фронтко деп жөнөтчүбүз. Согуштан көп балдар кайтпай калды. Эки күндүн биринде кара кагаз келип айылды кара басып турду. Ошого карабастан аялдар белибизди бекем бууп жан үрөп иштеп жаттык. Кудайга шүгүр азыр заман жыргал, андай кыйынчылыкты көрсөтө көрбөсүн”, - деп эскерет.

20150510_162526

Таенемдин жолдошунан кара кагаз келгенден кийин ата-энесинин үйүнө келип колхоздо алгач жылаӊаяк буттары кесилгенине кайыл болуп, өгүз менен соко айдап, ат менен мала тартып иштеген. Ал кезде кайдагы өтүк, бардык болгонун фронтко аскерлерге жөнөтүп турушкан. Суу сугарып, эгин бышканда орок менен жарышып эгин орушчу экен. Машак терип колхозго өткөрүшкөн. “Машак уурдап алгандан коркчубуз, ал кезде мыйзам күчтүү эле, бир ууч машак үчүн камалып кеткендер болду”, - дейт таенем эскерүүсүндө. Кырманга түшкөн эгинди сапырып, тазалап ат араба менен Балыкчынын станциясына жеткирип барар элек. Өзүбүз буудай нанды жегенди унутканбыз. Арпаны жаргылчактан өткөрүп кара жарма жасап ичебиз, болбосо ал дагы жок. Ачкалыкка чыдабай өлүп калгандар болду. Түтүнгө деп эки килодон май салат. Колубузда эмне болсо ошону карматабыз. Кийимге дагы жетчү эмеспиз. Ал учурда болгону экиден көйнөгүбүз боло турган. Бутубуз жылаӊаяк кийизден чокой тигип кийчүбүз, - дейт.

20150510_162620

Кийинчерээк колхоздун музоосун багып, быштак уютуп аскерге жөнөтүп турган. Ошол күндөрдү биринде трактор айдаганга, машинка менен кой кыркканга киши жок, жаш келиндерди окууга чакырган. Районго барып агрегаттын окуусун бүтүрүп, Кочкор, Жумгалга барып агрегатты иштетип, кайчыларын оӊдоп берүү иштерин кылып турган. Кыркын бүткөн соӊ специалст, ударник болуп Фрунзеге сыйлоо үчүн чакырылган. Бирок кандайдыр бир себептер менен барбай калган. Райондук гезитке ударник деп макталып, Райондун жетекчиси 200 сом (ал кезде бир жылкынын куну) менен сыйлаган.

Кийин согуш бүткөн учурда деле жыргап кеткен жокпуз. Дүкөнгө товар келген учурда кезекке туруп материал, тамак-аш алар элек. Болбосо баягы согуштун эпкини дагы деле жүрүп жатты. Согуштан кайтып келгендер аз эле болду. Анан да алардын көбү майып болуп калды, -деп ошол кезди эстеп көзүнө жаш толо түшөт.

1951-жылы таятам Дооронбеков Абдылдага турмушка чыгып көп жылга чейин колхоздун койун багышкан. Алты балалуу болушуп, аларга татыктуу тарбия берип чоӊойтушту. 1973-жылы таятам каза болуп таенем турмуш арабасын жалгыз тартып уул-кыздарын турмуш жолуна узатты. Азыр 51 небере, чөбөрө жана кыбыранын бактылуу чоӊ энеси, таенеси.

атлас

Мен өзүмдүн таенем менен сыймыктанам. Ал жогоруда айтып өткөндөй, Жеӊиш үчүн оорукта ат көтөргүс эмгек кылса дагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн шалаакылыгынан документтери жоголуп кетип, “Ооруктун ардагери” наамын албай калган. Ушул күнгө чейин таенем өзү деле бул нерсеге көӊүл бурбаган.

20150510_155944

Таенем 92 жашка чыкса дагы, акыл-эстүү, кудайга ишенип намаз окуган, жаш балдарды, ооруган адамдарды ырымдап айыктырган касиети күчтүү эл сыйлаган адам.

Таенемдин эскерүүмдүн себеби, биринчиден, энелердин эмгегинин эч кандай нерсе менен ченелгис экендигин далилдегим келет, анткени Кыргыз элинде энени урматтоо жана сыйлоо чоң маанигээ ээ. Экинчиден, мен анын урпагы катары ооруктагы эмгегин эскерип, атуулдук милдетимди аткаргым келди.

1405960597053

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3852
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×