Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Менин атам жана энем: Ата-энем — таянаар тоом, карманарым, кадырлуу адамдарым (фото)

Turmush -  

Сүрөттө: Атам Дайыркул Саткынов жана апам Турсун Кадыркулова

Жыл өткөн сайын, жаз, жай, кыш, күз мезгилдери, ай өткөн сайын, күн, саат, а түгүл мүнөт, секунд өткөн сайын ата-энемдин баркын билип, туюп, сезип жаткандай болом...

Менин канчалык жашым узарып, чоңойгон сайын ата-энем менден, мен ата-энемден ошончолук алыстап баратам, канчалык жакындайын деген сайын алыстайм... Аттиң, коштошчу күн, балким түн келээрин да билем, ал каңырык түтөткөн күн да такымдап жылып келе жатат...

Айылга барган сайын беттеринен жаңы түшкөн бырышты, кулпурган капкара чачтарынан куу чачты көрүп, ичим тыз деп ачышып, кейип кетем... Алардын жашоодогу максаты, тилеги, үмүтү эле балдары... а бизчи, балдары? Мен эмнеге жеттим, кандай адам болдум? Алардын ишеничин актап жатамбы? Ойлорума өзүм  да жооп таппай келем.

Ата-энем — бул таянаар тоом, карманарым, кадырлуу адамдарым. Ар качан мага кайрат берип, дем берип: «Сен бийиктерди багындырып, эл-жериңе кызмат кылган эр азамат болосуң! Сен атаңа тең же атаңдан артык уул болосуң.

Канжар таштай кайраган,

Ок жондуруп, ат таптаган.

Кыргызсың сен,

Кыргыз каны кайнаган»,  деп тарбия берип, өстүргөн теңдешсиз адамдар!

Баардыгыбыздын ата-энелерибиз ар дайым аман болсун!

Идирисов

Суймон

Жазган: Сүймөнкул Идирисов

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5308
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:48,   12.12.2017   ( 10 адам окуп жатат)
×