При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 23-июнь
68.83    76.88    1.14    KZT 0.21

Менин атам жана энем: Чоң атам Берлинге жетсе, атам Квантун армиясы менен салгылашкан

Turmush -  Улуу Жеңишке – 70 жыл.

Чоң атам Берлинге жетсе, атам Квантун армиясы менен салгылашкан.

Чоң атам Абдыкай Норузбаев жарандык жана Улуу Ата Мекендик согушка катышкан уникалдуу киши эле. Узун бойлуу, кой көз, буудай жүздүү чоң атабызды жыл сайын Жеңиш күнүндө мектепке ардактап чакырышчу. Окуучулар менен жолугушууга төшү толо жаркыраган орден-медалдарын тагынып алып жөнөп баратканы азыр да көз алдымда турат. Убагында чоң атабыз тууралуу гезиттерге көп жазышкан экен. Бирок балдары атабыз түбөлүк жашачудай өзү, эки согушка кантип катышканы тууралуу тыкыр сурап, жазып деле калбаппыз. Жакында интернеттен чоң атам жөнүндө бир кызык материал таап алдым.

1969-жылы 23-февралда «Советтик Кыргызстандын» биринчи бетине «Жоокерлер эскеришет» деген темада Кыргыз ТАГдын кабарчысынын чакан материалы жарыяланыптыр. Анда «Күжүрмөн үч дос Абдыкай Норузбаев, Иса Бозгунчиев жана Сүйөралы Карачев кырк беш жыл өткөндөн кийин жолгушту. үйдүн ээси Абдыкайдын жетимиш жаштык юбилейи буга себеп болду. Жаш кездеринен бери дос болуп калышкан бул адамдарды ак гвардиячыларга каршы биргелешип жүргүзгөн күрөш боордоштурган эле. Юрий Поповдун командованиеси астында Самаралык жетинчи атчандар дивизиясынын экинчи кыргыз дивизионунун составында жыйырманчы жылдарда алар ак гвардиячыларга каршы салгылашышкан эле. Махнонун бандасына каршы Украинада болгон кан төгүлгөн согушка ыктыяры менен барган жетимиш кыргыз активдүү катышкан болчу», - деп жазылган.

Чоң атабыздын өзүнүн эскерүүсүндө ак гвардиячыларга каршы күрөшкө аттанганда 20дан жаңы ашкан курагы экен. «Согушка барыштан адегенде жалтайладым, корктум. Атам Норузбай келечекти салмактай билген, акылы тунук, чыныгы советчил киши боло турган. ...Биз кеңеш бийлигинде кызмат кылабыз. Бирдиктүү эмгектенебиз. Байлар эмес, биргелешкен кедей балдарынын өкмөтү чыңдалат. Аларга каршы басмачылар урушуп жатышат. Ошолор менен кармашка ыктыярдуу барсаң жаман болбойсуң...»,- дейт атасы баласын эл коргоого узатып жатканда. Бул баласын ажал отунан калкалабай, «эл үчүн» деп согушка аттандырган атанын чыныгы эрдиги болчу. «Ок аралап, кан кечкен өтө кыйын шартта, тамак-аштан кыйналып, кышында жалаң көйнөктүн сыртынан шинелчен калтырап үшүп жүрүп согуштук. Бирок бардыгына кайыл болдук. Эмгегибиз кайтып, үйгө жүзүбүз жарык, жеңиш менен келдик», - деп Абдыкай чоң атам кийин эскерген. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда адегенде фронтко чоң атамдын бир тууган инилери Абдыналы менен Мүкөн аттанат. Андан соң уулу Мааткерим комсомолго эртелеп өтүп, 17 жашка чыгып-чыга электе суранып жатып 1942-жылы кан майданга кетет. 1943-жылы өзү 50 жашка келип калса да, инилери менен уулунун артынан чоң атам согушка жөнөйт. үйдө эң кичүү уулу 9 жашар Зайналбек гана калат.

Ушундан улам атамдарды айылдагылар бүт үй-бүлөсү менен согушка катышкан деп айтышчу. Кан майдандан Абдыналы чоң ата кайткан жок, 1943-жылы каза тапты делген менен кайсы жерде сөөгү көмүлгөнү ушул кезге чейин белгисиз. Мүкөн чоң ата бир колунун манжаларын алдырып кайтты. Абдыкай чоң атамды кан майданда жашы өтүп калган киши катары кара жумушка тарталы дешсе керек. Бирок буга көнбөй, граждандык согуштун жоокери катары, утур-утур суранып жатып, кадрдык армияга которулат. Бул тууралуу 1972-жылдын 30-ноябрында «Кыргызстан маданияты» гезитине Жумакадыр Эгембердиев жазган макалада мындайча сүрөттөлөт:»- Жашыңыз өтүп баратыптыр, ага карабай өжөрлөнүп согушка суранасыз. Кана айтыңызчы, кайсы жагына ылайык келесиз? -дейт командирлердин бири. - Мурда кавалерияда согушкам, колума курал берип, каалаган жакка жиберсеңиз бара берем. Солдатта бир гана кесип, бир гана максат бар эмеспи. Ал жанын аябай күрөшүп, Мекенин баскынчы душмандан коргоп калуу го, - деп командирди тике багып, чечкиндүү жообун айтат. Днепрдин жанындагы салгылашуудан соң, «Каармандыгы үчүн» медалы менен сыйланат. Ал жөнөкөй гана «76 мм» замбирегине ок салып бергич милдетин аткарып, Днепрден Берлинге чейинки согуштук катаал оор жолду басып өтөт.

Аскердик бөлүктүн парторгу, гвардиянын старший сержанты Филатов ага мындайча мүнөздөмө берет: «...1943-жылдын август айынан бери ушул бөлүктө болуу менен өзүн тил алчаак, өрнөктүү жоокер катары көрсөттү. Ар кандай тапшырмаларды эр жүрөктүүлүк жана ак ниеттүүлүк менен аткарды. Орус тилин дээрлик билбегенине карабастан, саясий жана согуштук даярдыгы боюнча жакшы ийгиликтерге жетишти. Согуштук техниканы тырышкандык менен үйрөндү. Ошонун натыйжасында партиянын мүчөлүгүнө кабыл алынды. Согушту үйрөнгөн билимин билгичтик менен пайдаланып келди. Майданда көрсөткөн эр жүрөктүүлүгү жана баатырдыгы үчүн өкмөттүк сыйлыктарга ээ болду». Ал сыйлыктар «Экинчи даражадагы Ата Мекендик согуш» ордени, «Каармандыгы үчүн», «Берлинди алгандыгы үчүн», «Варшаваны бошоткондугу үчүн», «1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согушта каарман эмгеги үчүн» ж.б. медалдар эле. Чоң атам 2-танк дивизиясынын Кызыл Туулуу гвардиялык полкунда кызмат өтөп, Украинада душмандар менен салгылашка катышып, Берлинге чейин жеткен бактылуу жоокер болгон. Кыргыз ТАГдын кабарчысынын «Жоокерлер эскеришет» деген жогоруда аталган кабарында «Командирдин «тил» алып кел деген буйругу орундатылды, ошондо Абдыкай «Экинчи даражадагы Ата Мекендик согуш» орденин алды»,- деп баяндалат.

Согуштан келгенден кийин өзү туулуп өскөн Талаа-Булак айылында (Кочкор району) чабан, парторг, сельсоветтин төрагасы болуп иштеген. 1967-жылы Улуу Октябрь революциясынын 50 жылдыгында совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн болгон күрөшкө активдүү катышканы үчүн Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланат.

Атам Мааткерим согушка 1942-жылы кетип, 1946-жылы кайтып келген. Харбин, Халкин-Гол, Маньчжурия тууралуу көп эскерип, немистер, япондордун Квантун армиясы менен кантип согушканын айтып калчу. Япондордун армиясынын талкаланышы экинчи дүйнөлүк согуштун аякташына алып келген дечү эле.

1943-жылы 31-декабрда аткычтар полкунун жоокери катуу жарадар болот. «Осколкалар» бүт денесине чачырап тийип, анын бир чоң сыныгы сол өпкөнүн эң талылуу жерине барып токтойт. Хирургдар аны даап ала албай коюшат. Ушундай оор жараттан соң үйгө кайтып келсе болмокпу деп калабыз. Бирок сакаяры менен кайра согушка кирип, Маньчжурияга чейин барып жатпайбы. Согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн «Биринчи даражадагы Ата Мекендик согуш» ордени, «Япониянын үстүнөн жеңиш үчүн», «1941-1945-жылдарда Германиянын үстүнөн жеңиш үчүн» ж.б. медалдар менен сыйланган.

Денени аралап келип, өпкөгө токтогон «осколка» өмүр бою атамы коштоп, жанын кейитип, сыздатып жүрүп, 68 жашында алып тынды. Атам бат-бат ооруган сайын чоң атам жанын коёрго жер таппай, кабагына кар жаап, жүрөгүнө тамак баспай калчу. Кичүү уулу автокырсыктан 38 жашында каза болгондон кийин, карманган жалгыз уулунан топурак буюрбай калабы деп санаасы санга бөлүнчү окшойт.

Эки согушка катышкан кишини Жараткан аядыбы, акыры уулунун жамандыгын көрбөй, уулунун колунан узады. Чоң үй-бүлөнүн бардык түйшүгүн мээнеткеч апам Кымбат кабагым-кашым дебей көтөрдү. Акын Ф.Абдалованын «Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам» деген ырындай, биз согуш жүзүн атабыздын өпкөсүндөгү ок менен таанып чоңойдук.

Атам өлөөрүнөн бир аз мурун мага «Улуу Жеңиштин 50 жылдыгын көрсөм арманым жок. Эки жылдык жашым калды», - деп айткан эле.

Бирок ал тилегине жетпеди.

Биз, балдары эл-жери үчүн ажалдан жалтанбай тике турган каарман аталарыбыз менен сыймыктанууга акыбыз бар. Алар бул дүйнөдөн маанисиз, бекер жашап өтүшкөн жок.

Н.Абдыкаев1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1940
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×