Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Баракелде

«Менин атам жана энем»: Ата-энеге болгон сүйүү — бардык жакшы иштердин негизи

Turmush -  

...Алгач ирет Ата, Апа деп айтканда,

Кас-кас туруп, тай-тайлатып басканда.

Ата-энем бак көлүндө сүзгөндүр,

Кубанычы жетип бийик асманга.

Арнап берген мага бүтүн дүйнөсүн,

Алар сымал мени бир жан сүйбөстүр...

Ооба, жашоодогу бардык ыйык сезимдердин ичинен ата-эненин баласына болгон сүйүүсү чексиз экендиги талашсыз.

«Менин атам жана энем» долбоору тууралуу окуган соң, мен да ата-энем тууралуу жазгым келди.

... Колума кагаз менен калем алып, бирок кандай сөз менен баштаарымды билбей көпкө ойлондум... Атам менен апама болгон сүүйүмдү, аларга болгон сый-урматымды сөз менен айтып жеткизе албайт экенмин.

Ата-энеге болгон сүйүү — бардык жакшы иштердин негизи (Цицерон), демекчи жашообуздун негизи, өмүрүбүздүн мазмуну болгон атам менен апама биздин сүйүүбүз чексиз.

1

Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Көк-Ой айылында 1964-жылы туулган атам - Медеров Советбек ушул эле айылдагы орто мектепти ийгиликтүү аяктаган соң Германияда аскердик кызматын өтөп келген.

Атамдын классташтарынан, досторунан, атам менен курдаш айылдаштарынан "Санат жакшы окуган, өтө келбеттүү, намыстуу жана ак көңүл бала болчу" деп эскергендерин угам. Атам документтеринде Советбек деп жазылганы менен, бардыгы Санат деп айтышат. Мен атамдагы намыстуулук, калыстык, тайманбастык, ак көңүл жана колу ачыктык сапаттарды белгилегим келет.

Турмуш куруу тууралуу күтүүсүз чечим чыгарган атам өмүрлүк жарлыкка апам - Иманалиева Бактыгүлдү тандаган. 1967-жылы ушул эле айылда туулган апам Бишкек шаарында окуусун аяктаган соң, ал учурда бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенип жаткан.

2

Адам жашоосунда кесиби менен өмүрлүк жарын тандоодо жаңылбашы керек, деп айтылгандай, апамды өмүрлүк жар катары тандаган атам жаңылган эмес.

Мен апамдагы жөнөкөйлүк, түшүнүктүүлүк, чыдамкайлык, сабырдуулук жана кечиримдүүлүк сапаттарды белгилегим келет. Учурда апам биз үчүн атанын да, апанын да милдетин аткарат.

3  

4

Атабыздан ажырагандан бери 1 жыл 7 ай убакыт өттү. Атам биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Атамдын элеси дайыма биз менен...

Апа, сиз эң мээримдүү энесиз. Дайыма маанайыңыз ачык болушун каалайм.

Апакем турса менин жанымда,

Тоботпоймун караңгыны, суукту да.

Ак сүтү караңгыда жол көргөзгөн,

Мээрими чыкыроондо муз ээриткен.

Сизди сүйөм, урматтаймын, терең сыйлайм,

Сиз тилеген мага деген акыл, ыйман.

Сезимиме бек сактап ал сапаттарды,

Сиз үндөгөн бийиктикке талбай чыгам.

Атамдын эң негизги байлыгы, өтө жакшы көргөн уулу Теңдик учурда 19 жашта. Инимден атамдагы калыс, ак көңүл, тайманбас жана элпек мүнөздөрдү көрөм. Алдыга койгон максаттары чоң уулу — атамдын татыктуу уулу болот деп ишенем.

5

Апам экинчи ирет кош бойлуу болгондо атам экөө уул күтүшкөн экен. Бирок, уул эмес кыз болуп төрөлгөн сиңдим Жазгүлдү жээриген апам учурда аны жанынан артык көрөт. 21 жашында жаңы турмуш жолуна аттанган сиңдим апамды сагынып, эненин мээрими өзгөчө экендигин чындап сезип жаткандыгын байкайм.

6

Атам 26, апам 23 жашында өзгөчө кубанычка бөлөп, туң баласы болуп жарык дүйнөгө келген кызы - 24 жашка толдум. Филолог адистигине ээ болуп, учурда журналистика тармагында кабарчы болуп эмгектенем.

Келечекте атамдагы тайманбас, калыс, күчтүү жана келбеттүү сапаттар бар адамга жолуккум келет. Апамдын акылдуулугун, жөнөкөйлүгүн жана сабырдуулугун тартсам мен үчүн чоң жеңиш болот.

Ата-энелер бардык асыл сөздөргө, мактоолорго жана чексиз сыйга татыктуу.

Уул, кыздарына татыктуу тарбия берип, өстүргөн ата менен эненин аты эч качан өчпөйт...

7  

Сүрөттө солдон оңго апам, мен, бөлөм жана сиңдим

Жазган: Ырыс Советбекова

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5759
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×