При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

«Менин атам жана энем»: Атам менен апам «романтика» издеп...

Turmush -  Менин атам Бекстан Исаев 1959-жылы Чүй облусуна караштуу Суусамыр өрөөнүндө төрөлгөн. Чоң апам атам 6 жашка толгондо Кара-Балтадагы Макаренко атындагы интернат-мектебине өткөрүп салган экен. Ошондон кийин атам төрөлгөн жерине экинчи барбаптыр. Менин апам Айгүл Карасартова (Исаева) 1962-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Бала чагы Осмонкул (Карпинка) көчөсүндө өтүптүр. Атам менен апам экөө Ж.Баласагын атындагы Улуттук университетинде окууга тапшырып жатканда жолугушуптур. Орус тили боюнча өтүү сынагына отурганда, атам апамдан: «Чоң кыз, «ЖЫвешь» же «ЖИвешь» деп жазамбы?» десе, анда апам орус тилинде каамырабай: «Ж и Ш» пишется через «И», молодой человек, учите русский язык», деп чыгып кетиптир. Атамдын айтуусу боюнча, ошол замат апамды бир көрүп сүйүп калган экен.

001 060

Кудайдын буйругу же тагдырбы, атам менен апам бир тайпада экономика факультетинде окуп калышыптыр. Бирге окуп калышкангабы же башка себеби барбы, экөөнүн группалаш достугу сүйүүгө айланып, 1985-жылы окууну аяктаган соң, баш кошушкан экен. Апамдын айтуусу боюнча атам артынан 5 жыл чуркап, колун сураптыр. Бирок атам күлүп мойнуна албайт.

7

Агам Мирсудин Исаев 1986-жылы төрөлгөндө, атам менен апам «романтика» издеп Ысык-Көлгө көчүп кетишиптир. Ал жакта эки жашты эч ким күтпөптүр, жакындары да жок экен. Атам үй-бүлөсүн багам деп, тракторист, электрик, эсепчи, көлдөгү бир нече мектептерде «каратэ-до» боюнча машыктыруучу болуп иштептир. Апам «чу!» дегенде эле, Ысык-Көлдөгү курортторго акча-каражаттар бөлүмүнүн башкаруучусу болуп ишке орношуптур. Ошентип, жаш үй-бүлө «очор-бачар» болуп, үй салып, мал багып, жашап калышкан экен. 1989-жылы даяр оокатка мен төрөлүп калыптырмын, үйдүн кенже кызы болуп.

3 

4

Көп өтпөй, СССР кулап, өлкөдө өзгөрүүлөр башталат. Атамдын айтымында, «коммерциянын доору башталган». 1991-жылы атам Бишкекке жумуш издеп кетет. Жеке ишкер болуп ар кайсы жумуштун башын кармап отуруп, бутуна туруп, үй-бүлөсүн 2 жыл аралыгында ордо калаабызга көчүрүп кетет. Бишкектен үй алып, жеке ишин ачып, жашап калат.

Агамды, мени борбордогу мектептердин бирине берип, апам борбордук бир мекемеге эспечи болуп жумушка кирет.

001 065 

Бул жерден көптөгөн жакшылыктарды көрдүк, кыйналган дагы учурлар болду. Бирок менин ата-энем агам экөөбүздөн колдорунан келгенин аябады, тарбиялашты, болгон күчүн жумшашты. Атам агам экөөбүздү спортко жаштайыбыздан берип, көп ийгиликтерге жетиштик.

Азыр биз чоңойдук. Ата-энем агамды үйлөнтүштү, небере жытын жыттайын деген кези. Эми менин жакшылыгымды күтүп отурушкан убагы.

IMG_6863 

IMG_6815 

_DSC9070 

_DSC9139

Кээде таң калгам, 30 жыл бою бири-бирин сыйлап, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп тиреп жашашканына... Бизге ар дайым: «Башка өлкөгө, Кыргызстандан кетип калсаңар деле болот, а бирок өлкөдөгү оор кырдаалдарга көңүл бурбай, өсүп-өнүгүп жашап кете аласыңарбы? Өз жериңерден качпагыла» деп айтып калышат. 

Азыр атам жеке ишкер - экономист, апам болсо Бишкектеги башкаруучу борбордун мамлекеттик мекемеде финансы бөлүмүнүн башчысы, агам Улуттук банктын насыя берүү бөлүмүнүн жетекчиси, агамдын жубайы - жеңем пландоо бөлүмүнүн жетекчиси, а мен болсо, журналист. Журналист болуп калганыма таң калам, кээде үй-бүлөбүз чогуу отуруп калганда, алар эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканына түшүнбөй кетем...

Фото0388

Сыймыктанам, сыйлайм, ата-энемдей болуп мен дагы үлгүлүү үй-бүлө кургум келет.

Бар бол, аман бол, менин атам жана энем!

_DSC9065 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3042
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу