Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Баракелде

«Турмуш» сайтынын «Менин атам жана энем» долбооруна катышыңыз

Turmush -  Адам баласы үчүн бул жарыкта ата-энеден кымбат ким бар... Ата-эне өз баласын мээримине бөлөп, бапестеп, бак-таалай тилеп чоңойтот.

Өз учурунда ата-эненин кадырын билип, сыйлай жүрүү, ата-эне муктаж болгон кезде аларды колдон келишинче камсыздандыруу, аларды кароо, багуу, өзгөчө карыган кезде аларга жумшак болуп, ар дайым кубаныч тартуулоо, кайрымдуу болуу, аларды ыраазы кылуу ар бир баланын милдети эмеспи.

Ата-энеге бул дүйнөнүн эң асыл сөздөрү да аздык кылар.

Динде да ата-эненин даражасы баарынан бийик. Анткени, Алла Таала ата-энеге болгон жакшы мамилени, аларга урмат - сый көрсөтүүнү Ага ыйман келтирип, сыйынуудан (ибадат кылуудан) кийинки эле орунга койгон.

Алла Таала айтты: «Раббың жалгыз Өзүнө гана сыйынууңарды, ошондой эле ата - энеге жакшылык кылууңарды буюрду. Эгер алардын (ата - эненин) бирөөсү же болбосо экөө тең карылык жашына жетишсе, аларга карап "оф" дебе (үшкүрбө) жана алардын сөздөрүн кайтарба. Аларга ар дайым жакшы сөз айт»!

Урматтуу окурман! «Турмуш-Баракелде» ата-энеңизге айтчу сөздөрүңүздү, жүрөгүңүздүн түпкүрүндөгү сырларыңызды тең бөлүшүүгө чакырат.

Ар бир адамдын ата-эне үчүн жасаган жана жасай турган иштери башка адамдарга үлгү болору шексиз. Андыктан, ата-энеңиз тууралуу кыскача сүрөтбаян күтөбүз. Анда өзүңүздүн  ата-энеңиз, чоң ата, чоң энеңиз, таята, таянеңиз тууралуу кыскача баян менен сүрөттөр (шартыңызга жараша видеобаян болсо да болот) кабыл алынат.

Баяндарды жөнөтүү үчүн электрондук дарегибиз barakeldeorg@gmail.com жана байланыш телефондор: (0312) 65-02-04, (0554) 65-60-25 (WhatsApp).

Каттарды редакциянын өзүнө келип тапшыргыңыз келсе, дарегибиз Бишкек шаары, Москва көчөсү №189 (Турусбеков көчөсү менен кесилишет), АКИpress маалымат агенттиги.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4092
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×