Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баракелде, Бишкек 18.05.2012 17:33

Нарын шаарында этнограф К.Мамбеталиеванын айкели ачылды

Turmush -  Бүгүн, 18-май күнү К.Мамбеталиева атындагы Нарын облустук мамлекеттик тарыхый-этнографиялык музейинин кире беришине кыргыз кыздарынан чыккан алгачкы этнограф окумуштуусунун бири Какен Мамбеталиеванын айкели ачылды.

Аймактык кабарчы Күмөндөр Усуптегин билдиргендей, салтанат шааниге маркумдун бир туугандары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, коомдук кызматкерлер, студенттер күбө болушту. Катышуучуларга окумуштуу тууралуу баяндама тасма тартууланып, аны билгендердин эскерүүлөрү айтылды.

«Какен бала кезинен эле тирикараак өстү. 6 жашында мектепке барып окуганга жетишкен. Кийин андагы жалгыз университеттен окуп, Ленинграддагы этнография институтунан да билим алды. Таш-Көмүр шаарынан өнөр-жай боюнча илимий иштерди изилдеди. Көрсө Какен кыргыздын кыздарынан чыккан алгачы этнограф болгон экен. Өнөр-жай тармагындагы маданиятты изилдеп дыңды бузуптур», - деп эскерди окумуштуунун бир тууган агасы, ардагер журналист 80 жаштан ашкан карыя Сулайман Мамбеталиев.

Ал эми Какен Мамбеталиева атындагы коомдук кордун төрайымы Гүлмира Мамбеталиева 1964-жылы Москвада өткөн Антропологиялык жана этнографиялык илимдердин дүйнөлүк конгрессинде эжеси Какен Мамбеталиева англис тилинде баяндама жасагандыгын белгилеп, кордун атынан музейдин бир катар кызматкерлерин Ардак грамота жана акчалай сыйлык менен сыйлады. Аземде ошондой эле облустук акимчиликтин, коомдук уюмдардын Ардак грамоталары, белектери музейге жана музейдин кызматкерлерине тапшырылды.

Какен Мамбеталиева 1936-жылы азыркы Нарын районундагы Он-Арча айылында туулган. 1964-жылы алгачкы илимий эмгегин жактап, докторлугун жактаганга өмүрү жеткен эмес. Ал 1984-жылы каза болгонго чейин Кыргыз илимдер академиясында, КМУда эмгектенген. Анын ысымы аталган музейге өткөн жылы берилген.

Музейдин бөлүм башчысы Бермет Эшенованын айтымында учурда музейде 2600дөн ашуун экспонат бар. Ал эми айкелди скульптор Садырбек Макеев жасап чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×