Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Айыл турмушу: Жалал-Абадда Ү.Орозбаевдин үй-бүлөсү электр энергиясы жок жана дарактар өспөгөн жерде жашайт (фото)

Turmush -  Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагы менен Таш-Көмүр шаарына чектешкен жеринде Үзөнбек Орозбаевдин үй-бүлөсү жашайт, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ү.Орозбаевдин айтымында, анын 1 уул, 2 небереси бар. Ал ГЭСте кара жумушчу болуп иштеп, 7 миң сом айлык алат. Жубайы Сайдикан жеке ишкердин жерин кайтарып, кароолчу болуп иштеп, 1400 сом маяна алат.

Ал белгилегендей, бул аймакта электр чубалгысы тартылбагандыгына байланыштуу 3 чакырым алыс жайгашкан айылга барып, неберелери сыналгы көрүп келишет.

«Кароолчулук менен бирге эчки жана тоок багабыз. Бул аймакта көлөкө кылып турчу дарак да жок. Ал гана эмес чай кайнатканга суудан агып келген отундун сыныктарын терип, тиричилик кылабыз», - дейт ал.

«Эрте жаздан бери суу менен отун агып келбей калды. Анткени, жамгыр жаабай, сел акпай калды. Жакында отунунум түгөнсө, сатып алууга туура келет. Ал үчүн бир ай бою маянамды күтүшүм керек», - дейт Сайдикан айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3932
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×