Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Баракелде

Айыл турмушу: Таластагы «Байбол Ата» туристтик комплекси эми келген конокторду облустагы музейлер менен тааныштырат (фото)

Turmush -  Талас облусунун Бакай-Ата районундагы маданий-этнографиялык жана туристтик комплекс «Байбол Ата» облустагы көрүнүктүү орундардын бири. Мындай маалыматты, аталган комлекстин негиздөөчүлөрү — Абылаевдердин үй-бүлөсү Turmush басылмасынын кабарчысына билдиришти.

Берилген маалыматка ылайык, комлекстин башында Замир Абылаев жана анын атасы Байбол Абылаевдер турушат. Өлкөнү Аскар Акаев башкарып турган жылдарда Байбол Абылаев республикалык балдар фондунун төрагалыгында «Мээрим» деген аталыштагы фонд менен тыгыз иш алып барган. Ал жылдарда «Мээрим» фондунун башында Майрам Акаева турган.

Азыркы учурда «Байбол Ата» комплексине Талас шаарындагы ресторандардын бири, Өзгөрүш айылындагы туристтер үчүн мейманкана, Беш-Таш өзгөчөлөнгөн аймактагы экотуризм тармагы кирет.

«Биздин үй-бүлөнүн талыкпаган эмгеги жана өз жумушуна чыгармачылык менен жасаган мамилесинен улам маданий, экотуристтик ишкердик улам өнүгүүдө. Эми биз туристтик каттамдарды кеңейтүү ниетиндебиз. Жакынкы убакыт аралыганда Кара-Буура районундагы Шекер айылында жайгашкан ачык асман астындагы Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын музейине, Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылындагы Т.Герцен атындагы сүрөт искусство музейине жана Манас районуна караштуу Арал айылындагы Алымкул Үсөнбаев атындагы этнографиялык-фольклордук музейине багыт алган каттамдар да ачылат», - деп билдиришти Абылаевдердин үй-бүлөсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3263
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×