Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусу, Нарын 21.01.2014 12:59

Нарынга дагы бир партия каалгасын ачты

Turmush -  Кечээ, 20-январь күнү Нарын шаарындагы «Дордой-Плаза» үлпөтканасына 400дөй адамды чогулткан жыйын өткөрүлдү, деп маалымдады аймактык кабарчы.

Жыйынды алып барган Нарын шаардык кеңештин мурунку төрагасы «Эмгек» партиясынын чогулушуна Ак-Талаа районунан 50, Нарын районунун бардык айылдарынан жана Нарын шаарынан өкүлдөр келгендигин шарданалады.

«Мен жөн эле оокатымды деле кыла берсем болмок. Же болбосо бизде 160тай партия бар экен, алардын бирине кирсем башкы тизмеге деле жазылмакмын. Бирок элде партияларга болгон иренжиген абал бар экендигин сездим. Акыры жөн жата берүү мүмкүн эмес болду. Мисалы, 5 жыл согушуп, 220 миң адамынан ажыраган тажиктер азыр бизден алдыга кетти. Алардын биздин Баткен облусу менен чектешкен жериндеги Исфара деген 130 миң адам жашаган шаарына барсак, алар 10 айда 25 миң орундуу стадион салып коюшуптур. Демек, эл көтөрүлмөйүнчө эч качан өсүп-өнүгүү болбойт экен. Ошондуктан ойлонуп, жаңы күчтөр, мекенчил адамдардын биригүүсүнөн улам бир сайсий күчтү жандандыруу келип чыкты. Акыры «Эмгек» деген партия түзүп, ишти баштап жатабыз», - деди чогулгандарга партиянын лидери Аскар Салымбеков.

Ал ошону менен катар экономиканы көтөрүү, таза адамдарды бийликке алып келүү, мыйзамдуулукту орнотуу, таза шайлоо өткөрүү - партиянын башкы максаттары экендигин чечмелеп түшүндүрдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×