Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу 21.01.2014 12:50

Таласта чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү үчүн 2 млрд 245,3 млн сомдук кредиттер берилди

Turmush -  Өткөн жылы Талас облусунда банктардан жана бардык кредиттик булактардан чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү максатында 2 млрд 245,3 млн сомдук кредиттер берилген. Бул туурасында Экономика министрлигинин түндүк аймактык башкармалыгынын Талас облустук бөлүмүнүнү башкы адиси Буланбек Самсиев билдирди.

Ошол эле учурда облустун айыл чарба тармагында иштеп жатышкан 1395 адам 251, 9 млн сомдук өкмөт берген жеңилдетилген кредиттерди алышкан. Анын ичинен 187 адамга дыйканчылыкты өнүктүрүүгө 26,4 млн сом, 1208 адамга мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө 225,5 млн сом берилген. Өткөн жылы облустун экономикасына тартылган инвестициялардын көлөмү 915,6 млн сомду түзүп, алдынкы жылга салыштырмалуу 109,9 пайызга жогорулаган.





Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×