Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 27.01.2014 18:36

Жумгал районунда жаштар борборунун ачылышы 1-2-февралга белгиленди

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылындагы Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын 2-кабатынан орун алган Жумгал жаштар борборунун ачылыш аземи 1-2 февралга пландалды. Бул тууралуу Жаштардын «Жумгал.KG» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү билдиришти, деп кабарлайт «Баракелденин» аймактык кабарчысы.

Ачылыш аземи Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын алдында өтүп, аземге тиешелүү тармактардын өкүлдөрү, райондун жаштары жана Жумгал районунан чыккан ардактуу атуул, инсандар катышат.

Аталган жаштар борборунун ачылыш аземин уюлдук байланыш түйүнү колдоп, бардык кооздолуучу буюмдарын жана иш-чаранын өтүшүнө салым кошсо, айрым жаш ырчылар жаштар үчүн чакан концерт тартуулашат.

Ачылыш райондун кубогуна арналган хоккей оюнунун 2-күнкү финалынын алдында жасалат. Ал эми ырчылардын коштоосунда концерт ушул күндөрү уюштурулуп Т.Турсунбаева атындагы Соң-Көл маданият үйүндө улантылат.

Белгилей кетсек, буга чейин 1,5 жыл аралыкта үзүрлүү эмгектенип, район жаштарынын баштарын бириктерип келген Жумгал жаштар борбору өз ишмердүүлүгүндө алгылыктуу иштерди алып келет. Аталган борбордун алдында «Жумгал.kg» бий студиясы, тамада борбору жана фотостудиялары иш алып барат. Ошондой эле борбордун алдында «Жумгал.kg» медиа борбору маалымат жыйындарды өткөрүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×